Мишри: «Ливия менен Түркия Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кутумунан кабардар»

Мишри Эл аралык мамилелер жана дипломатия борбору (MID) тарабынан уюштурулган Эл аралык Стамбул жолугушуулары программасынын алкагында журналисттер менен жолугушту.

1733629
Мишри: «Ливия менен Түркия Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кутумунан кабардар»

Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид ал-Мишри Түркия менен Ливиянын ортосундагы өсүп жаткан карым-катнаштар жана өнөктөштүктөр Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кутумдарын ийгиликсиздикке учурата турганын айтып:«Франция ийгиликке жете албайт»,-деди.

Мишри Эл аралык мамилелер жана дипломатия борбору (MID) тарабынан уюштурулган Эл аралык Стамбул жолугушуулары программасынын алкагында журналисттер менен жолугушту.

Түркия менен Ливиянын ортосундагы карым-катнаштардын тарыхый теги бар экенин белгилеген Мишри, карым-катнаштардын экономикалык, аскердик жана саясий жактан күчтөнүү менен уланып жатканын түшүндүрдү.

Мишри 2019-жылдын 4-апрелинде Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифа Хафтар Триполиге кол салганда Түркия каршылык көрсөткөн биринчи жана ал тургай жалгыз өлкө болгонун эске салды.

Греция, Египет жана Израилдин Түркияны Жер Ортолук деңиздеги булактардан четтетүү үчүн биргелеше кыймыл кылганын белгилеген Мишри: «Түркия менен Ливия Жер Ортолук деңизде деңиз юрисдикциясын чектөө келишимине кол коюу менен Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоду. Түркиянын аймактагы укуктары бар болгонуна карабастан энергия булактарын колдонуусуна бөгөт коюу үчүн ташталган кадамдар да бул келишим менен жокко чыгарылды. Ливия менен Түркия Франциянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кутумунан кабардар. Франция ийгиликке жете албайт. Анткени Ливия Анкара менен болгон мамилесин алда канча бекемдейт»,-деп айтты.

АКШ жана Франция сыяктуу өлкөлөрдүн Хафтарга аскердик жана курал жагынан колдоо көрсөткөнүн жана Түркиянын бул жерде болушуна каршы экенин белгилеген Мишри, Түркиянын Триполи өкмөтүнө болгон колдоосун эч нерсеге карабай улантып жатканын жана бул колдоонун Хафтардын Триполиде жеңилүүсүнө алып келгенин айтты.

Мишри мындай деди: «Түркиянын Ливияда болушу эл аралык мыйзамдарга толугу менен туура келет. Анткени Триполи өкмөтү көптөгөн өлкөлөргө чакырык салды жана бир гана Түркия жооп берди. Түрк күчтөрүнөн башка бул тараптардын баары расмий эмес жана мыйзамсыз жолдор менен келген. Түркия ачыктан-ачык келген. Түрк аскерлеринин болушу толугу менен эл аралык келишимдерге ылайык болгон. Түрк аскерлери бир гана  машыктыруу жана колдоо максатында бел жерде».



Тектеш кабарлар