Түрк Кеңешинин саммит декларациясы

Түрк Кеңешинин аты «Түрк мамлекеттеринин уюму» деп өзгөртүлдү.

1733415
Түрк Кеңешинин саммит декларациясы

Түрк тилдүү  өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин мамлекет башчыларынын 8 -  саммитинде жарыяланган декларация менен Түрк Кеңешинин аты «Түрк мамлекеттеринин уюму» деп өзгөртүлдү.

Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Демократия жана Эркиндиктер аралында болгон саммиттен кийин биргелешкен декларация жарыяланды.

Декларацияда түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин атынын «Түрк мамлекеттеринин уюму» деп өзгөртүлгөндүгү билдирилди.

Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан баштатылган «Түрк дүйнөсүнүн 2040  көз карашынын» түрк мамлекеттеринин орток кызыкчылыктары болгон  бардык тармактарда келечекке карата кызматташууга жол башчылык кыла турган стратегиялык бир документ катары кабыл алынгандыгы белгиленген декларацияда Түркмөнстадын байкоочу өлкө катары уюмга кошулгандыгы, бул абалдын түрк мамлекеттери жана элдеринин ортосундагы тилектештик менен кызматташууну өнүктүрөрү баса белгиленди.

Азербайжандын «44 күндүк мекен согушундагы» жеңишинен улам куттуктоо жарыяланган декларацияда  Армения жана Азребайжандын ортосундагы карым  - катнаштардын калыбына  келтирилиши колдоого алынды.

Декларацияда Кипр маселесинде аралдагы чындыктардын негизинде адилеттүү, туруктуу, улантууга боло турган жана кабыл алына турган бир чечүүчү жолго барылышы керектиги баса белгиленип, негизги жана тең укуктарды ишееим астына алууну каалаган Кипр түрк калкы менен болгон тилектешик баса белгиленди.

Декларацияда  кыргыз - тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү аракетин колдоо менен эки өлкөнүн ортосундагы диалогдун колдоого алынгандыгы,  келечекте өз ара ишенимди бекемдөө жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн эки тараптын тең керектүү кадамдарды таштоосу керектиги билдирилди.

Декралацияда терроризм, экстремизм, сепаратизм, расизм, дискриминация, исламофобия жана жек көрүүчүлүктүн бардык түрлөрү менен күрөшүүдө кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык аренада бул багытта аракеттерди координациялоо чечими кабыл алынганы белгиленди. Ошондой эле  бири бирине карата соода жана  инвестицияны жеңилдетүү үчүн керектүү чаралар көрүлүп мүчө мамлекеттердин ортосунда ыңгайлуу шарттарды жаратуу максатында экендиги билдирилди..

Декларацияга  казак, кыргыз, түрк, өзбек жана азербайжан тилинде кол коюлду.



Тектеш кабарлар