Түрк аскеринин Азербайжандагы кызмат мөөнөтүнүн узартылышы

Түрк аскерлеринин Азербайжандагы кызмат мөөнөтүнүн 1 жылга узартылышына байланыштуу Түркия Улуттук Парламентинин чечими Расмий гезитте жарыяланды.

1733452

Чечимде Азербайжандын оккупациядагы жерлерин бошотуу күрөшүндө жетишкен ийгилик жана аянтта пайда болгон жаңы абалдын натыйжасында Азербайжан, Армения жана Россия тарабынан 2020 -  жылы 9 -  ноябрда кол коюлган «Үчтүк декларацияда» аймактагы туруктуулуктун сакталышы максатында жүргүзүлгөн иштердин улантылып жаткандыгы белгиленди.

Чечимде Түркиянын эл аралык укук жана мыйзамдуу эгемендик укуктарынын негизинде жеринин бүтүндүгү менен бардык укуктарын коргоо үчүн процесстин башынан бери  Азербайжанга күчтүү колдоо бергендиги баса белгиленди. Аймакта тынчтык жана туруктуулуктун сакталып, күчтөндүрүлүшү, муну жеңилдете турган  экономикалык инфраструктуранын  түзүлүшү жана калыбына келтирилиши үчүн Түркиянын негизги демилгелерди аткаргандыгы баса белгиленди.

Тектеш кабарлар