Президент : "Түрк мамлекеттери уюму менен мындан кийин дагы ылдам өсөбүз"

Эрдоган Стамбулдагы Демократия жана эркиндиктер аралында өткөн Түрк Кеңешинин 8 -  саммитинен кийин пресс -  жыйын өткөрдү.

1733340
Президент : "Түрк мамлекеттери уюму менен  мындан кийин дагы ылдам өсөбүз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган :  "Жаңы атыбыз жана түзүмүбүз Түрк мамлекеттеринин уюму менен мындан кийин дагы ылдам, өзгөчө тамыр жайып, өсүп, өнүгөбүз",- деди. 

Эрдоган Стамбулдагы Демократия жана эркиндиктер аралында өткөн Түрк Кеңешинин 8 -  саммитинен кийин пресс -  жыйын өткөрдү.

Режеп Таййип Эрдоган : "Кеңешибиздин аты эми Түрк мамлекеттеринин уюму болду",- деп билдирип : "Жаңы атыбыз жана түзүмүбүз Түрк мамлекеттеринин уюму менен мындан кийин дагы ылдам, өзгөчө тамыр жайып, өсүп, өнүгөбүз",- деди. 

Эрдоган цивилизациянын бешиги болгон Түркстандын географиясы кайрадан бүткүл адамзатты өзүнө тартуу жана агартуу борборуна айланаарын айтты.

Режеп Таййип Эрдоган саммит жыйынында уюмдун келечектеги перспективасын көрсөткөн Түрк дүйнөсүнүн 2040 көз караш документин да  кабыл алгандарын айтты.

Президент Эрдоган : "Бүгүн бул жерде көрсөткөн фотографияны түрк дүйнөсү катары арабыздагы түбөлүктүү боордоштуктун жаңы бир белгиси катары карап жатабыз. Эч ким  Түрк мамлекеттеринин уюмунан тынчсызданбасын. Байыркы тарыхы жана адамзаттык карым  - катнаштар боюнча жогорулаган бул уникалдуу түзүлүштүн бир бөлүгү болууга аракет кылышы керек",- деди. 

Эрдоган : "Эпидемия мезгилинде мүмкүнчүлүктөрүбүздү бөлүшүп түрк дүйнөсү катары бирдикте экенибизди дагы бир жолу көрсөттүк. Түрк Кеңеши катары да Африкага 2, 5 миллион доза вакцина жардам беребиз. Мунун 2 миллионунун Түркия катары биз беребиз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар