Президент Р. Т. Эрдоган 1915 Чанаккале көпүрөсү акыркы палубасын орнотуу аземинде сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган 1915 Чанаккале көпүрөсү менен Түркиянын жаңы секирикти ийгиликтүү ишке ашыргандыгын айтты.

1733486
Президент Р. Т. Эрдоган 1915 Чанаккале көпүрөсү акыркы палубасын орнотуу аземинде сөз сүйлөдү

 Президент Р. Т. Эрдоган 1915 Чанаккале көпүрөсү менен Түркиянын жаңы секирикти ийгиликтүү ишке ашыргандыгын айтты.

Президент 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн акыркы палубасын орнотуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө көпүрө ишке берилгенден кийин Чанаккале кысыгынан өткөн жол кыймылынын эч кандай тоскоолдуксуз 6 мүнөткө чейин кыскара турганын айтты.

«Көпүрө 18 -  мартта (Чанаккале жеңишине) арналган 318  мет болуп белгиленген бийиктиги жана республикабыздын 100 -  жылына арналган 2023  метрдик узундугу менен маанилүү.»,- деген Эрдоган 1915  Чанаккале көпүрөсүнүн дүйнөнүн эң чоң орточо узундуктагы көпүрөсү экендигин баса белгиледи.

Көпүрөнү эң ккеч 18 -  мартта Чанаккале деңиз жеңишине карата ачышарын айткан Эрдоган : "Кур-иштет - өткөрүп берүү модели боюнча курулган бул көпүрө менен Түркия жаңы секирик мезгилин ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Дүйнө тарыхындагы эң олуттуу логистикалык кризистердин бирин өткөрүп  жаткан учурда мындай долбоорду ишке ашыруубуз абдан маанилүү. Эми 3 континенттеги бардык кургактык, деңиз, темир, аба жолдорунун өлкөбүздөн жана албетте кысыктарыбыздан өтө баштаган бир мезгилге кирип жатабыз»,- деди.

Эрдоган Стамбул каналы менен деңиз транспортунда дагы бир төңкөрүштүк бурулушту ишке ашыра тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар