Түрк куралдуу күчтөрү Түндүк Иракта 4 террористти багындырды

Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга карата баштатылган «Чеңгел  -  Чагылган» операциясы пландалгандай улантылууда.

1726830
Түрк куралдуу күчтөрү Түндүк Иракта 4 террористти  багындырды

Мехметчиктин Ирактын түндүгүндө 1917  метр бийиктиктеги дөбөгө карата жүргүзгөн операциясында үңкүрдөгү ПККнын 4 террористти багынды.

Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга карата баштатылган «Чеңгел  -  Чагылган» операциясы пландалгандай улантылууда.

Ушунун негизинде Авашин аймагында 1917  метрдик дөбөдөгү бир үңкүрдү террористтердин курал кампасы катары колдонгону белгилениши менен Мехметчик бул аймакка операция жүргүздү.

Таштуу жана  кыйын бир аймактагы үңкүрдүн жакынына тик учарлар менен түшүрүлгөн  десанттар кыска убакытта айлананы көзөмөлгө алды.

Өз коопсуздуктарын да түзгөн Мехметчик үңкүрдөгү террористтерди «багынууга» чакырды. Кача турган жерлеринин жок экендигин түшүнгөн террористтер куралдарын таштап багынышты.

Үңкүрдөн чыккан 4 террорист керектүү коопсуздук чаралар менен десанттар тарабынан өткөрүлүп алынды. Араларында аялдар да болгон террористтерге Мехметчик  суу берип, үңкүрдөгү изилдөөлөрдө көп сандаган курал жана ок  - дары колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар