ТРТ World 6 жашын белгилеп жатат

ТРТнын башкы дирекору Мехмет Захид Собажы куттуктоо жарыялады.

1726750
ТРТ World 6 жашын белгилеп жатат

Түркиянын үнүн дүйнөгө угузган телекөрсөтүү каналы ТРТ World алтынчы жылын белгилеп жатат.

ТРТ бир гана жалпы өлкөдө эле эмес, эл аралык тармакта да тарапсыз жана ийгиликтүү журналистика аң- сезими менен алдыга жылууну улантууда.

Ушундай аң- сезим менен курулган күндөн бери дүйнөнүн бардык алдыңкы аймактарында жана кагылышуулар болгон жерлерде окуяларды убагында жеткирүү менен глобалдык журналистикада айырмаланган бир үн болгон TRT World алтынчы жылын белгилеп жатат.

ТРТнын башкы дирекору Мехмет Захид Собажы куттуктоо жарыялап : «Түркиянын биринчи англис тилиндеги телеканалы TRT World 6 жашта. Биз мындан ары да бүткүл дүйнөдө жапа чеккендердин үнү болууну, өзгөрүүлөргө шыктандырууну улантабыз. TRT World дагы көптөгөн жылдар жашасын»,- деди.



Тектеш кабарлар