Президент Эрдоган Римге барды

Президент Эрдоганды Рим Фиумицино Леонардо да Винчи эл аралык аэропортунда Түркиянын Римдеги элчиси Өмер Гүжүк менен Түркиянын Ватикан элчиси Лүтфуллах Гөкташ менен бирге Рим жана Ватикан элчиликтеринин кызматкерлери тосуп алды.

1726718
Президент Эрдоган Римге барды

Президент Р. Т. Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышуу үчүн Италиянын борбор шаары Римге барды.

Президент Эрдоганды Рим Фиумицино Леонардо да Винчи эл аралык аэропортунда Түркиянын Римдеги элчиси Өмер Гүжүк менен Түркиянын Ватикан элчиси Лүтфуллах Гөкташ, Рим жана Ватикан элчиликтеринин кызматкерлери тосуп алды.

Саммиттин алкагында расмий тосуп алуу аземинде жана Чоң жыйырмалыктын үй - бүлөлүк фотосүрөтүндө орун ала турган президент Эрдоган «Глобалдык экономика жана глобалдык саламаттыкты сактоо» жана «Жакшы калыбына келтирүү үчүн чакан жана орто бизнести,  аялдар ээ болгон ишканаларды колдоо» деген отурумдар менен иш алып баруу тамагына катышат.

Эрдоган лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Италиянын премьер - министри Марио Драги өткөрө турган маданий иш-чарага катышат жана Италиянын президенти Сержио Маттарелланын делегация башчыларынын урматына бере турган кечки тамакка катышат.



Тектеш кабарлар