Алгачкы жергиликтүү плазма өндүрүү комплексинин пайдубалы түптөлдү

Түркиянын жергиликтүү плазма өндүрүү комплексинин пайдубалы Стамбулдун Силиври районунда түптөлдү.

1726855
Алгачкы жергиликтүү плазма өндүрүү  комплексинин пайдубалы түптөлдү
varank yerli plazma tesisi.jpg
ilk yerli plazma uretim tesisi.jpg

Түркиянын жергиликтүү плазма өндүрүү комплексинин пайдубалы Стамбулдун Силиври районунда түптөлдү.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Силивридеги Maxicells фирмасы тарабынан медицинада локалдаштырууну максат кылган «Плазма продуктуларын өндүрүү долбоорунун» алкагында плазма продуктуларын чыгаруучу жайдын пайдубалын түптөдү.

Варанк бул жерде сүйлөгөн сөзүндө толук кан берүүдөн алынган, бирок колдонулбаган жана таштандыга ташталбаган плазманын бул заводдо иштетилерин билдирди. «Бул жерде Түркиянын биринчи кан продукцияларынын биологиялык лабораториясы түзүлүп, маанилүү ооруларды дарылоодо колдонулуучу дарылар иштелип чыгат»,-деди.

Фабриканын өз тармагында дүйнөнүн 13 - мекемеси болоорун белгилеген Варанк, мурда Түркияда өндүрүлө албаган кан продукциясынын бул жерден чыгарыла турганын айтты.



Тектеш кабарлар