Президент Эрдоган 29 - Октярбь Республика майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган : «Улут катары эң чоң кепилдигибиз болгон биримдик жана бир туугандыгыбызды бекем кармап,  күчтүү жана чоң Түркия максатыбызды турмушка ашыруу үчүн күрөшөбүз»,- деди.

1726473
Президент Эрдоган 29 -  Октярбь Республика майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган : «Улут катары эң чоң кепилдигибиз болгон биримдик жана бир туугандыгыбызды бекем кармап,  күчтүү жана чоң Түркия максатыбызды турмушка ашыруу үчүн күрөшөбүз»,- деди.

Президент Эрдоган 29 -  Октябрь Республика майрамынан улам жарыялаган видео билдирүүсүндө : «Өлкө ичинде жана өлкө тышында жашаган жарандарыбыз менен даңктуу тарыхыбыздын алтын алкактарынын бири болгон бул сыймыктуу күнүбүздү биз менен бөлүшкөн бардык досторубуздун 29 -  Октябрь Республика майрамы менен куттуктаймын. Жанын аябастан бул мекенди бизге  аманатка калтырган шейиттерибизге Алланын ырайымын тилеймин. Мекен үчүн күрөшүп, ардагерлик мартабасына жеткен ардагерлерибизге өз атымдан, өлкөм жана элимдин атынан ыраазычылыгымды билдирем»,- деди.

Республиканын жарыяланышынын 98 -  жылында республиканын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрк менен каарман курал жолдошторун ыраазычылык менен эскергендигин белгилеген Эрдоган билдирүүсүн төмөнкүчө улантты : «Республикабыздын 100 -  жылы жакындап, эч бир күчтүн, эч бир булганычтуу сценарийдин Түркияны аксатууну максат кылган кол салууларынын бизди жолубуздан тайдыруусуна уруксат бербейбиз. Улут катары эң чоң кепилдигибиз болгон биримдигибизди жана бир туугандыгыбызды бекем кармап чоң жана күчтүү Түркия максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн күрөшүүнү улантабыз.

Биз жүргүзүп жаткан бул куттуу күрөштө улуттук күрөштү жеңишке жеткирген жана республикабызга өмүр берген болоттой эрк акыркы 98 жылдан бери болгон сыяктуу бүгүнкү күндө да жол көрсөтүүчүбүз болот»,-деди.



Тектеш кабарлар