Түркиядан Кытайга катуу каршылык көрсөтүлдү

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу: «Биз эл аралык адам укуктарын жана гуманитардык мыйзамдарды бузгандардан сабак албайбыз”,-деди.

1726238
Түркиядан Кытайга катуу каршылык көрсөтүлдү

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, Түркияны «Сирияда адам укуктары мыйзамына баш ийүүгө» чакырган Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басарына: «Биз эл аралык адам укуктарын жана гуманитардык мыйзамдарды бузгандардан сабак албайбыз”,-деп жооп берди.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэнг Шуанг, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия отурумунда Евфрат дарыясындагы суунун деңгээлинин азайышы жана Аллоук суу комплексиндеги суунун кыскартылышы үчүн Түркияны жооптуу деп таап, Сириянын түндүк-чыгышын басып алуу менен айыптаган Түркияны эл аралык гуманитардык укукка баш ийүүгө чакырды.

Элчи Синирлиоглу Генгдин дооматтары боюнча: «Биз эл аралык адам укуктарын жана гуманитардык мыйзамдарды бузгандардан сабак албайбыз”,-деди.

Аллоук суу комплексиндеги көйгөйлөрдүн себебинин БУУнун баш катчысынын отчетунда орун алганын эске салган Синирлиоглу, жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ жана Сириядагы режимдин бул теманы өз күн тартиби үчүн кыянаттык менен пайдаланганына көңүл бурду.

Синирлиоглу, ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмунун талааны туруксуздаштырган негизги фактор экенин, жарандарга жана Түркияга кол салганын белгилеп, эки жума мурда Афринде болгон бомбалуу кол салууда 6 жарандын каза болгонун айтты.

Синирлиоглу,  жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын сириялык езид жана сириялык күрттөрдүн үйлөрүнө кайтууларына да тоскоол болгонун белгиледи.

ПКК/ЙПГнын кол салууларынын Сирия менен гана чектелбегенин баса белгилеген Синирлиоглу, террордук уюмдун Сириядагы болушун Түркияны бутага алуу үчүн колдонуп жатканын маалымдады.

Кытайдын, өткөн аптада Түркия да арасында болгон 43 өлкөнүн Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагындагы уйгур түрктөрүнө карата адам укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирген БУУдагы биргелешкен билдирүүсүнөн кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Түркияны бутага алган билдирүүлөр көңүл бурууга арзыйт.



Тектеш кабарлар