Татар: «Мамлекет негизинде жашообузду улантуу биздин эң негизги укугубуз»

Газиантептеги сөзүндө Кипр аралында түрктөр жана румдар бар экенин эске салган Татар, мындан ары эки улуттун бирге жашоосу мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.

1726162
Татар: «Мамлекет негизинде жашообузду улантуу биздин эң негизги укугубуз»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипрде эки эл жана эки мамлекет бар экенин айтты.

Газиантептеги сөзүндө Кипр аралында түрктөр жана румдар бар экенин эске салган Татар, мындан ары эки улуттун бирге жашоосу мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.

Кипр аралында ар ким өз укуктарын биле турганын белгилеген Татар: «Дүйнө бизге «изденүүңдү, укугуңду, мыйзамыңды ташта» дебейт. Алардын айткандары мындай: «Кипрде келишим түзүлүшү үчүн эки тарап макул болушу керек». Бул контекстте эки тараптын тең макул болушу мүмкүн эместей көрүнөт, анткени Рум тарабы артыкчылыкка ээ болуптур жана аны толук пайдаланууда»,-деди.

«Биз үчүн эң маанилүүсү болуп өткөндөрдөн кийин эми өз мамлекетибизди дагы да күчтөнтүү»,-деп айткан Татар сөзүн улап:« Түркия Республикасынын ачык деңиздерге сүзө алышы жана  Жер Ортолук деңиздеги үстөмдүгүн сактап калуусу үчүн  ТКТР менен кызматташтыктын алкагында деңиз юрисдикциясы аймактарында, территориялык сууларда, көгүлтүр мекенде жана асманда белгилүү укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен кызматташуусу абдан маанилүү жана баалуу.

Кипр түрк калкынын 60 жылга жакын убакыттан бери өз мамлекетинин чатыры астында жашап жаткандыгы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) да, эл аралык практикада да Косоводогудай келечегибизди өзүбүз аныктоо укугун берди.  Түркия Республикасынын колдоосу менен мамлекеттин негизинде жашообузду улантуу эң негизги укугубуз»,-деди.



Тектеш кабарлар