Шырнакта 4 террорист жок кылынды

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Сиирттин Первари районундагы Херекол тоосунун айыл аймагында операция жүргүзүлгөнү айтылды.

1726340
Шырнакта 4 террорист жок кылынды

Шырнакта жандармерия бөлүмдөрү тарабынан уюштурулган Эрен-13 операциясынын алкагында  жикчил террордук уюмдун 4 мүчөсү жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Сиирттин Первари районундагы Херекол тоосунун айыл аймагында операция жүргүзүлгөнү айтылды.

Шырнактагы Жандармерия аймактык командирлигинин координациясында Сиирт облустук жандармерия командирлигине караштуу Жандармериянын десанттык жана жандармериянын атайын операция (JÖH) бөлүктөрү тарабынан Жандармерия-учкучсуз учуучу аппрараттар жана Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын аймактык командирлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюмдун 4 мүчөсү таасирсиз кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө аймакта операциялардын уланып жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар