Президент Эрдоган АК партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган Сирия жана Ирак тууралуу уруксаттын максатынын Түркиянын чек араларында террор коридорунун түзүлүшүнө жол бербөө жана террордук кол салуулардын булагын жок кылуу экендигин айтты.

1725788
Президент Эрдоган АК партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Түркия Улуттук Парламентинде кабыл алынган Сирия жана Ирак тууралуу уруксаттын максатынын Түркиянын чек араларында террор коридорунун түзүлүшүнө жол бербөө жана террордук кол салуулардын булагын жок кылуу экендигин айтты.  

Президент,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан экономикалардын өзгөчөлүктөрдүн тышында дээрлик баары тарайган өткөн жылды Түркиянын өсүү менен жаап бул багытта алгачкы белгилерди бергенин баса белгиледи.

Өлкө экономикасынын үстүбүздөгү жылдын биринчи эки чейрегинде абдан күчтүү өсүү көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган : «Өндүрүштө кубаттуулуктарды толук пайдаланып жатабыз. Экспортубуз рекорддорду жаңыртып жатат. Жумуш менен камсыз кылууда Ковид-19 эпидемиясынан мурдагыдан да жогору орунга келдик», - деди.

Эрдоган 19 жылда курган билим берүү мекемелеринин, ооруканалардын, жолдордун, туннелдердин, суу сактагычтардын, ирригация объекттеринин, уюмдашкан өнөр жай аймактарынын маанисин бул процессте дагы жакшы түшүнүлгөндүгүн баса белгиледи. 

Эрдоган  глобалдык кризистин таасирине карабастан өнүгүү максаттарын кеңейтүү үчүн келерки жылдын бюджетин түзүшкөндөрүн айтып : «Күчтүү саламаттыкты сактоо инфраструктурабыз менен коронавирусту кантип жеңсек, климаттык алмашуу жол ачкан маселелерди да Жашыл Өнүгүү Төңкөрүшү менен жеңебиз»,- деди.

Эрдоган Сирия жана Ирак боюнча Түркия Улуттук Парламентинде кечээ кабыл алынган уруксаттын максатынын Түркиянын чек араларында террор коридорунун түзүлүшүнө жол бербөө жана Түркияга каршы террордук кол салууларды жок кылуу экенин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар