Президент Эрдоган Азербайжанга кетти

Режеп Таййип Эрдогандын жолугушууларында учурдагы, аймактык жана эл аралык окуялар, ошондой эле эки тараптуу мамилелер боюнча пикир алмашуулар болот.

1725028
Президент Эрдоган Азербайжанга кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Азербайжанга кетти.

Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен эртең менен Анкара Эсенбога аэропортунан Азербайжанга учуп кетти.

Президент Эрдоганды сапарында; Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Экология жана шаар куруу министри Мурат Курум, Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтын жана президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын коштоодо.

Президент Эрдоган иш сапарынын алкагында Ата Мекендик согушу менен оккупациядан бошотулган Фүзүлиде кыска убакытта бүткөрүлгөн эл аралык аэропорттун ачылышы менен аймакта салынган жол жана Зенгиланда Түркиянын да кошкон салымы менен курула турган «Акылдуу» аэропортунун пайдубалын түптөө аземдерине катышат.

Сапарда Түркия-Азербайжан карым-катнаштары ар тараптан каралып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да тереңдетүү үчүн ташталуучу кадамдар талкууланат.

Жолугушууларда учурдагы, аймактык жана эл аралык окуялар, ошондой эле эки тараптуу мамилелер боюнча пикир алмашуулар болот.

 



Тектеш кабарлар