Президент Эрдоган Азербайжанда

Президент Эрдогандын учагы Азербайжандын оккупациядан куткарылган жерлерде курган биринчи аэропорт болгон "Фузули" эл аралык аэропортко конду.

1725222
Президент Эрдоган Азербайжанда

Президент Режеп Таййип Эрдоган бир күндүк иш сапары үчүн Азербайжанга барды.

Президент Эрдогандын учагы Азербайжандын оккупациядан куткарылган жерлерде курган биринчи аэропорт болгон "Фузули" эл аралык аэропортко конду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев тосуп алган Эрдоган, Эл аралык Физули аэропортуна конгон биринчи президент болду.

Жаңы аэропорттун ачылыш лентасын кескен Эрдоган менен Алиев андан соң аэропорттун имаратын кыдырып, жетекчилерден маалымат алышты. Президент Эрдоган сапарынын алкагында Алиев менен бирге Ахметбейли - Фузули  - Шуша, Ахметбейли - Хорадиз - Минчиван - Агбенд автожолунун пайдубалын түптөө аземине катышты. Эки президент Зегиланда Түркиянын салымдары менен курула турган «Акылдуу айыл чарба кампусунун» пайдубалын түптөө аземине катышат.

Сапарда Түркия-Азербайжан карым-катнаштары ар тараптан каралып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да тереңдетүү үчүн ташталуучу кадамдар талкууланат.

Жолугушууларда учурдагы, аймактык жана эл аралык окуялар, ошондой эле эки тараптуу мамилелер боюнча пикир алмашуулардын болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар