Эрдоган: «Бир күнү биз Зеңгезурдан чыгып Стамбулга чейин бара алабыз»
Эрдоган сапар жасаган Азербайжандын Биринчи Агалы айылында президент Илхам Алиев менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Тоолуу Карабахтын маанилүү транзиттик логистикалык борборлордун бири болорун айтты.
Эрдоган: «Бир күнү биз Зеңгезурдан чыгып Стамбулга чейин бара алабыз жана аймактын транзиттик логистикалык борбор катары позициясы бекемделет»,-деди.
Эрдоган сапар жасаган Азербайжандын Биринчи Агалы айылында президент Илхам Алиев менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Президент Эрдоган, Азербайжан-Армения карым-катнаштары тууралуу: «Туруктуу тынчтыкты камсыздоо жана нормалдаштырууну көздөгөн прогресс үчүн бүгүнкү күндө чөйрө мурда болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу»,-деп айтты.
Режеп Таййип Эрдоган, Армениянын Азербайжан менен чын ыкластуу эрк көрсөтсө Түркия менен карым-катнаштарынын нормалдашуусуна эч кандай тоскоолдук калбай турганын айтты.
Эрдоган Азербайжандын коңшулары менен болгон карым-катнаштарына токтолуп: «Чек аралар аныкталып, өз ара таанылышы керек. Жакшы коңшулук мамилелердин негизин бул түшүнүшүү түзөт»,-деген пикирин билдирди.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Азербайжандын президенти Илхам Алиев да: «Өз элин, мамлекетин, кызыкчылыгын, элинин сыймыгын коргогон жана жактаган лидер (Режеп Таййип Эрдоган) бүгүн Азербайжанда. Эрдоган бүткүл түрк дүйнөсү үчүн эң маанилүү факторлордун бири»,-деди.
Зангезур коридорунун бүт түрк дүйнөсүн бириктире турганын айткан Алиев: «Түркия да, Азербайжан да Зангезур коридорунун ишке ашуусу үчүн керектүү кадамдарды таштайт»,-деп айтты.