АКШдан Түркия билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттары АКШ «Түркия менен орток артыкчылыктар боюнча кызматташууну көздөп жатканын» билдирди.

1725035
АКШдан Түркия билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттары АКШ «Түркия менен орток артыкчылыктар боюнча кызматташууну көздөп жатканын» билдирди.

Өткөн жумада ишкер Осман Каваланын бошотулушу үчүн чакыруу салган элчилердин кечээ артка кадам таштап, Вена конвенциясынын 41 -  беренесин белгилөө менен  : «Ички иштериңерге кийлигишпейбиз, мыйзамыңарга баш ийебиз»,- деп твиттерден бөлүшкөндөн кийин бир билдирүү да АКШдан келди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк маалымат брифингинде Түркия менен кызматташууну уланта тургандарын баса белгилеп: "Байден башкаруусу  Түркия менен жалпы артыкчылыктар боюнча кызматташуу аракетинде жана НАТОдогу өнөктөшүбүз катары ар кандай чыр - чатакты чечүү үчүн диалог жолун улантабыз. Биз алдыга умтулуунун эң жакшы жолу жалпы кызыкчылык чөйрөсүндө кызматташуу деп эсептейбиз. Түркия менен көптөгөн орток кызыкчылыктарыбыз бар экенин билебиз».

Прайс АКШнын Анкара элчиси Дэвид Саттерфилддин кызматында экенин, президент Режеп Таййип Эрдогандын акыркы билдирүүлөрүн көргөндөрүн, мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктарынын сакталышы темасын глобалдык деңгээлде көтөрүүнү уланта тургандарын айтты.

АКШнын басма сөз катчысы : "Биз 18-октябрда жасаган билдирүүбүздө (Каваланын бошотулушу) Вена конвенциясынын 41- беренесине шайкеш келерин айтып жатабыз. Биз дүйнөлүк масштабда адам укуктарын урматтоо үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө аракетибизди ырастайбыз жана Түркия менен Вена конвенциясынын 41 - беренесине ылайык түрдө диалогубузду улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар