Түркия: «Судандагы төңкөрүш аракети терең тынчсыздандырууда»

Түркия Судандагы төңкөрүш аракети тууралуу кабар терең тынчсыздандырганын жарыялады.

1724622
Түркия: «Судандагы төңкөрүш аракети терең тынчсыздандырууда»

 

Түркия Судандагы төңкөрүш аракети тууралуу кабар терең тынчсыздандырганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, "25 -октябрда Суданда төңкөрүш аракети болду деген кабар бизди абдан тынчсыздандырууда. Судандагы бардык тараптар Конституциялык Декларация боюнча милдеттенмелерди аткарат жана өткөөл процесс үзгүлтүккө учурабайт деген күчтүү үмүтүбүздү баса белгилейбиз."делди.

Бүгүн эртең менен Суданда премьер -министр Абдулла Хамдук жана көптөгөн саясатчылар кармалышты.

Судандын Маалымат министрлиги, премьер -министр Хамдуктун төңкөрүштөн баш тартканы үчүн кармалгалып, белгисиз жерге алып барылганын жарыялады.

 Өлкөнүн көп жеринде электр жана интернет линиялары үзүлүп жатканда, аскердик күчтөрдүн борбор шаар Хартумдун Умдурман аймагындагы радио жана телекөрсөтүү борборуна басып кирип, көп сандаган кызматкерди камакка алганы билдирилди.

Төңкөрүш аракетинен кийин өкмөттүн жарандык канаты жана көптөгөн саясий партиялар элди көчөгө чыгууга үндөдү.

 Чакырыктан кийин баш калаа Хартумдун ар кайсы жерлеринде чогулган миңдеген судандык аскерий кийлигишүүгө каршы демонстрацияга чыга баштады.



Тектеш кабарлар