Шентоп 10 элчиге каршылык көрсөттү

5-Черкезкөй өнөр жай жарманкесинин ачылыш аземи үчүн Текирдагда болгон Мустафа Шентоп, камакта жаткан Осман Кавала үчүн 10 элчинин чакырыгына жооп берди.

1724748
Шентоп 10 элчиге каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, сот процесси уланып жаткан Осман Кавала үчүн чакырык жасаган 10 элчиге каршылык көрсөтүп, мунун Түркиянын ички иштерине абдан ачык жана орой кийлигишүү болгонун баса белгиледи.

5-Черкезкөй өнөр жай жарманкесинин ачылыш аземи үчүн Текирдагда болгон Мустафа Шентоп, камакта жаткан Осман Кавала үчүн 10 элчинин чакырыгына жооп берди.

Бул чакырыктын Түркияга карата душмандык мамиле экенин белгилеген Шентоп:«Өлкөнү Адам укуктары боюнча Европа сотунун (АУЕС) чечимин аткарууга чакырууда. Бул өлкөлөрдүн арасында АКШ, Канада жана Жаңы Зеландия сыяктуу АУЕСке мүчө болбогон 3 өлкө да бар, бул абдан кызык»,-деди.

«Эгерде сиз адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын талаптарын аткаруу боюнча пикириңизди билдирсеңиз, биз сиздин бул маселе боюнча принципиалдуу позицияңызды карайбыз»,-деп айткан Шентоп:«Греция Гүмүлжинеде, Искечеде Түрк Жаштар Биримдиги аты менен түзүлгөн клубдарга жана бейөкмөт уюмдарга түркчө ысымдарды колдонгону үчүн кийлигишүүдө. Бул Лозанна келишимине (1923) жана Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына каршы келет. АУЕСтин бул маселеге байланыштуу чыгарган 10дон ашык чечими бар жана Греция бул чечимдердин бирине да баш ийген жок. Эми АУЕСтин Түркияга тоскоол болгон чечимдерине карата сезимталдык билдирүү жасагандар Грециянын бул 10 өкүмгө баш ийбегени боюнча кандайдыр бир билдирүү же баа бериштиби? Алар кылган жок»,-деп каршылык көрсөттү.

Шентоп, маселенин АУЕСтин чечимдерине баш ийүү маселеси эмес экенин белгилеп,10 элчинин билдирүүсүн Түркияга карата душмандык мамиле катары баалады.

Элчилер жазган декларациянын оор экенин билдирген Шентоп: «Чет мамлекеттердин элчилеринин сот органдарына (Осман Каваланын) тез арада бошотулушун камсыз кылууну буйругандай билдирүү жазышы Түркиянын ички иштерине өтө ачык жана өтө орой кийлигишүү болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар