Чавушоглу австриялык кесиптеши Линхартты куттуктады

Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка караганда, Чавушоглу Линхарт менен куттуктоо максатында телефон аркылуу байланышты.

1724414
Чавушоглу австриялык кесиптеши Линхартты куттуктады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартка телефон чалып, жаңы кызматы менен куттуктады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Чавушоглу Линхарт менен куттуктоо максатында телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

Австрияда мурунку премьер-министр Себастьян Курц ага каршы козголгон коррупциялык иликтөөдөн улам 9-октябрда кызматынан кеткен болчу.

Өлкөдө 11-октябрда өткөрүлгөн аземде мурунку тышкы иштер министри Александр Шалленберг Австриянын жаңы премьер-министри катары ант берип, Шалленберг бошоткон орунга түрк тектүү тажрыйбалуу дипломат Линхарт дайындалган эле.



Тектеш кабарлар