Өлкө ичинде жана чек аранын тышында террор менен күрөшүү уланып жатат

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коргоо министрлигинен бул тууралуу маалыматтар берилди.

1724091
Өлкө ичинде жана чек аранын тышында террор менен күрөшүү уланып жатат

Хаккариде жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи жок кылынды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттердеги билдирүүсүндө Чукуржа чек арасынан өлкөгө кирген 2 террористтин J-SİHA (Жандармериянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты), жакынкы абадан колдоо жана кургактык операциясы менен жок кылынганын айтты.

Сойлу:"Алар сөздү түшүнүшпөйт экен. Эр болсо (ПККнын лидерлери делген Мурат) Карайылан келсин, чычкандай жашынбасын. Анын да кезеги келет",-деп айтты.

Террордук уюм ПККга каршы чек аранын тышына операциялар уланууда.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Чагылган операциясы аймагында аныкталган ПККга мүчө 3 террористтин абадан жүргүзүлгөн операция  менен таасирсиз кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө акыркы террорист жок кылынганга чейин операциялардын улана турганы баса белгиленди.

Министрликтин башка билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында ПКК/ЙПГден 5 террористтин десанттар тарабынан жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө террордук уюм ПКК/ЙПГнын Тынчтык булагы аймагындагы тынчтык жана коопсуздук атмосферасын бузууга уруксат берилбей турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар