Түрк Кеңешинин Медиа форуму башталды

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун форумдун ачылышында сөз сүйлөдү.

1723597
Түрк Кеңешинин Медиа форуму башталды

Президенттиктин коммуникация  башкармалыгы өткөрүп жаткан «Тамырлуу тарых, күчтүү келечек» деген темадагы Түрк Кеңешинин Медиа форуму башталды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун форумдун ачылышында сөз сүйлөп, Түркия Республикасы катары ичтен жана тыштан   «акыйкаттык үчүн күрөшкөндөрүн» айтып : «Жалганга  жана туура эмес маалыматка каршы чындык тарапта болууну биз адеп-ахлакыбыздын талабы, урааны катары көрөбүз», - деди.

Бул адеп-ахлактык позициянын "чындыктан кийинки" же "чындыктын чегинен тышкары" деп аталган мезгилде көбүрөөк мааниге ээ болгонун баса белгилеген Алтун : «Алдыбызда акыйкаттыктын маанисин жок кылууга, коомдорду маданий, экономикалык жана идеологиялык жактан эксплуатациялоону ачык абалга алып келүүгө аракет кылган, сөздүн толук мааниси менен айтканда  бир жалган индустриясы бар. Бул жалган индустрия, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда «жасалма кабарлар» же «түзөтүлгөн мазмундар» аркылуу коомдорду, биздин жана алардын арасында кысып, айыптоого аракет кылууда. Ачыкча айтыла турган болсо, биз жалган индустриясы менен туура эмес кабарлар менен күрөшүүнү улуттук коопсуздугубуздун ажырагыс бөлүгү катары көрүп, бардык кадамдарыбызды ушул көз караш менен таштайбыз.

Жалган маалымат социалдык тармактарда гана эмес, салттуу маалымат каражаттарында да бар экенин көрүп жатабыз. Алар мезгил  - мезгили менен коомдордун рефлекстерин сынаган кабарларды чыгара алышат. Бул жерде кээ бир чет мамлекеттер тарабынан каржыланган мекемелерди жана алардын биздин өлкөлөрдөгү уландыларын өзгөчө белгилеп жатам. Бул заманбап Троя аттарына каршы сергек болуп, алардын зыяндуу иштерин биргелешип токтотушубуз зарыл».

Фахреттин Алтун : «Бүгүн Түрк Кеңеши катары биздин милдетибиз санариптик фашизмге, кибер-империализмге жана глобалдык жалган индустрияга каршы жалпы маалымат өндүрүү жана жайылтуу каналдарыбызды бекемдөө. Ушунун негизинде Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн лидерлерибиздин күрөшүнө ылайык түрдө коммуникация тармагында  ишенимдүү  иштеген бир коомдук  аң-сезимди куруубуз керек»,- деди.

Ушунун негизинде, Алтун түрк медиасынын бардык күчтүү мекемелери жана уюмдары, өзгөчө Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясы (ТРТ) менен Анадолу агенттигинин коомдордун таанышуусуна мүмкүндүк бере турган өз ара кызматташууга, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорго ачык экенин айтып : «Коммуникация башкармалыгыбыздын составында иш алып барган биз, мен жана досторум болгон күчүбүз менен президент Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгында чоң жана күчтүү Түркия идеалы үчүн күрөшүүгө, түрк дүйнөсүнүн биримдиги, бейкуттугу үчүн болгон күчүбүз менен иштөөнү улантабыз; эч бир коркутууга моюн сунбастан, көңүл бурбастан»,- деди.

Президенттиктин коммуникция башкармалыгынын төрагасы  Алтун, түрк дүйнөсүнүн глобалдык байланыш тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана жалган маалымат кампаниялары менен күрөшүүгө ар тараптан салым кошууга даяр экендиктерин билдирди.

 



Тектеш кабарлар