Түркия Индия менен Непалга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1722695
Түркия Индия менен Непалга көңүл айтты

Түркия Индия менен Непалдагы сел жана жер көчкүдө каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Акыркы күндөрдө Индия менен Непалдын ар кайсы аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүлөрүндө 100дөн ашуун адам каза болуп, көптөгөн адамдардын жаракат алышы жана дайынсыз жоголушу, жаандан улам материалдык чыгым жана эки өлкөдө тең адам өмүрүнүн кыйылышынын уланышы терең кайгыга салды», деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө: «Бул кырсыктарда каза болгондордун туугандарына, дос Непал жана Индия элдери менен алардын өкмөттөрүнө Түркиянын чын жүрөктөн көңүл айтуусун билдирип, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайбыз»,-делди.



Тектеш кабарлар