Президент Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган :  "Биз 1 миллиард 400 000 долларыбызды АКШдан бир жол менен алабыз",- деди.

1723051
Президент Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган :  "Биз 1 миллиард 400 000 долларыбызды АКШдан бир жол менен алабыз",- деди.

Эрдоган Ангола, Того жана Нигерия сапарынан кайтып келе жатып учакта журналисттерге маалымат берди жана күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Президент Эрдоган Ф -35тер тууралуу буларды айтты : "Азыр төмөнкү деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок биз 1 миллиард 400 000 долларыбызды бир жол менен алабыз. Римдеги чоң жыйырмалардын жыйынында Байден менен сүйлөшөбүз. Эмне болуп жатат? Эмне кылып атасыңар?,- деп сурайбыз. Эч качан Түркиянын укуктарынын тебеленишине уруксат бербейбиз».

Эрдоган бир журналисттин Сирияда чек аранын ары жагына операция жүргүзүлөбү деген суроосуна : «Азыркы учурда аймактын негизги жерлеринде операцияларыбыз улантылууда. Эч качан жол берүү болбойт. Сириядагы бул процессти улантуудабыз. Ушул таптан тарта да режим кандай мамиле кылат билбеймин бирок биз өзгөчө Идлибде эмне керек болсо аны аткарууга жана бардык оор куралдарыбыз менен бирге жооп берүүнү улантуудабыз. Бул ишти жүрүшүнө  таштай албайбыз»,- деп жооп берди.

17 - октябрда башталган Батыш Африка расмий сапарын  ийгиликтүү аяктагандарын белгилеген Эрдоган, ушул убакка чейин Африканын 30 өлкөсүнө 41 сапар жасаганын айтты.

Мунун өзү эле Түркиянын Африка континенти менен карым  - катнаштарын өнүктүрүү тууралуу чечкиндүүлүгүнүн так көрсөткүчү экендигин белгилеген Эрдоган бул сапарында Ангола, Того, Бурнкина Фасо, Либерия жана Нигерия президенттери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык маселелерди кенен карап чыгышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар