Эрдоган: «Суу ресурстары түгөнүү чегине жете электе аларды коргоо зарылчылык болуп калды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Суу Кеңешинин» 1-жыйналышына Стамбулдан түз байланыш аркылуу катышты.

1723147
Эрдоган: «Суу ресурстары түгөнүү чегине жете электе аларды коргоо зарылчылык болуп калды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган суу ресурстары түгөнүү чегине жете электе аларды коргоо зарылчылык болуп калганын айтты.

Борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Суу Кеңешинин» 1-жыйналышына Стамбулдан түз байланыш аркылуу катышкан Эрдоган, өз сөзүндө, колдонууга жарактуу таза суу ресурстарына болгон муктаждык көбөйгөн сайын, тез керектөө жана булгануунун таасири менен колдонууга жарактуу таза суу ресурстарынын азайып баратканын айтты.

Дүйнөлүк суу өнүктүрүү отчетуна ылайык, 2050-жылы болжол менен 6 миллиард кишинин жетиштүү таза сууга жетпей турганы болжолдонгонун түшүндүргөн Эрдоган: «Кийинки кылымдын эң стратегиялык баалуулугу болгон суу ресурстарына болгон кысым жыл сайын жогорулайт. Суу ресурстарыбыздын түгөнүү чегине жете электе сакталышы, аларды эффективдүү колдонуу жана туура башкаруу тандоо эмес, зарылчылык болуп калды. Өлкө катары биздин суунун, башкача айтканда, биздин келечегибиздин манжаларыбыздын арасынан агып кетишине жол бербөө үчүн биз өзүбүздүн чараларыбызды көрдүк жана мындан ары да алдын алууну улантабыз»,-деп айтты.

Өлкө боюнча 90 ичүүчү суу долбоору уланып жатканын белгилеген Эрдоган: «Биз дагы 18 миллион калкты кошумча 1,8 миллиард кубометр ичүүчү суу менен камсыздайбыз»,-деди.

Түркиянын Африкага олуттуу суу инвестицияларын салганын эске салган Президент: «Биз Африкада ушул убакка чейин бургулаган 512 кудук аркылуу 2 миллионго чейин адамды таза ичүүчү жана колдонулуучу сууга жеткирдик. Өзгөчө Сирияда коопсуздук жана гуманитардык жардам иштерин жүргүзгөн аймактарда ачкан 143 суу кудугу менен 1,5 миллионго жакын туугандарыбыздын муктаждыктарынын камсыздалышына салым коштук»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар