Түркия Европа Биримдигинин отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул темада билдирүү жасап,«Биз ЕБнын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча мурдагы жылдардагыдай эле карама-каршы келген жана бир беткей рум-грек тезистерин киргизүүсүн четке кагабыз»,делди.

1722337
Түркия Европа Биримдигинин отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия, Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын 2021 -жылдагы кеңейтүү пакетине кирген «Түркия отчетуна» каршылыгын көрсөттү.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул темада билдирүү жасап,«Биз ЕБнын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча мурдагы жылдардагыдай эле карама-каршы келген жана бир беткей рум-грек тезистерин киргизүүсүн четке кагабыз»,делди.

«Биз өзгөчө саясий критерийлер жана Сот жана Негизги Укуктар бөлүмүндө орун алган негизсиз дооматтарды жана адилетсиз сындарды кабыл албайбыз»,деп айтылган билдирүүдө,  мүчө мамлекеттер үчүн да  талаштуу болгон көптөгөн маселелер боюнча Түркияга мүнөздүү шарттарга баа берилбестен, Түркиянын башкаруу жана саясий системасына, негизги укуктарга, кээ бир соттук-административдик чечимдер менен Түркиянын террор менен күрөшүүсүнө карата адилетсиз жана пропорционалдуу эмес аныктамалардын четке кагылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Түркиянын туш болгон кыйынчылыктарын жана ПКК/ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын коркунучтарын эске албаган ЕБнин бул мамилесинин Европадагы ЕБ жана Түркияга каршы радикалдуу топторду кубандыруудан башка максатка кызмат кылбаганы белгиленди. Түркиянын 18-Март (Миграция) меморандумунун бардык өлчөмдөрдө жаңыртууга карай чакырыктарына карабай, отчетто меморандумдун бир гана миграция аспектилерине орун берген жана Түркиянын аракеттерин мактап, бирок өзүнүн милдеттенмелерин айтпаган ЕБнин жеке кызыкчылыктарына гана кызмат кылган тармактардагы Түркия менен болгон «күнүмдүк ал-бер» карым-катнашын жүргүзүүсү кабыл алынгыс экени баса белгиленди.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген: «Биз ошондой эле отчеттогу ЕБнин компетенциясына кирбеген темаларда мурунку жылдардагыдай эле Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Эгей деңизи жана Кипр маселелерине байланыштуу карама -каршы келген жана бир беткей рум/грек тезистерин четке кагабыз. Чыңалуунун азайтылышы, диалог жана кызматташтыктын башталышы жагынан өз милдетибизди ашыгы менен орундатканыбызга карабастан Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн укуктарын Европа Биримдиинин атайылап кайтарып бербөөсүн өкүнүчтүү деп эсептейбиз. Евробиримдиктин мындай калыс эмес жана адилетсиз мамилеси көйгөйдүн чечилишине салым кошпогону сыяктуу чыңалуунун уланышына себеп болууда, ошондой эле Биримдиктин аймактык жана глобалдык держава болуу идеалын начарлатууда./.../ Түркия, Европа Биримдигине мүчө болуу үчүн стратегиялык артыкчылыгын эң  күчтүү түрдө улантууда. Анын эң конкреттүү мисалы - Сот реформасы стратегиясы, Адам укуктары боюнча иш -аракеттер планы, ЕБге кирүү боюнча улуттук иш -аракеттер планы жана өзгөчө Париж климаттык келишиминин бекитилиши  Европанын Жашыл күн тартибинин алкагында биз жасаган чечкиндүү кадамдар болуп саналат. ЕБнин орток жалпы кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен Түркияны күнүмдүк «ал-бер» мамилелерин түзө турган өнөктөш катары эмес, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн талапкер өлкө катары көрүүсү жана убадага берилгендик принцибине ылайык талаптарды аткаруусу баарыбызга пайдалуу болот».



Тектеш кабарлар