«Нусрет-2021 чакыруу машыгуусу» Сарос деңиз булуңунда башталды

Машыгуу тууралуу Мина эскадрильясынын командири контр-адмирал Рефик Левент Тезжан маалымат берди.

1721827
«Нусрет-2021 чакыруу машыгуусу» Сарос деңиз булуңунда башталды

Булуңда НАТО жана Түрк деңиз жана аба күчтөрүнүн, ошондой эле Жээк коопсуздук командирлигине караштуу сүзүүчү жана десанттык бөлүктөрдүн жана ар кайсы өлкөлөрдүн байкоочуларынын катышуусу менен Түркия тарабынан уюштурулган «Нусрет-2021 чакыруу машыгуусу» Сарос деңиз булуңунда башталды.

Мина эскадрильясынын командири контр-адмирал Рефик Левент Тезжан, Чанаккале аскердик музейинин командири капитан «Ахмет Саффет» конференция залында өткөрүлгөн пресс-брифингде, машыгуунун максаты катышуучу бөлүктөргө жана командирликтерге мина согушун пландоо, аткаруу жана баалоо боюнча командаларды үйрөтүү жана ар кайсы өлкөлөрдүн мина согуш элементтеринин өз ара иштешүүсүн жакшыртуу экенин айтты.

Машыгуунун алкагында мина согушун пландаштыруу, аткаруу жана баалоо боюнча тренингдер өткөрүлө турганын айткан Тезжан: «Дос жана союздаш өлкөлөрдүн тыгыз кызыгуусу жана жогорку катышуусу машыгуунун өз ара кызматташууга жана өз ара аракеттешүүгө кошкон салымы канчалык жогору экенин көрсөтүп турат»,- деди.

28 -октябрда аяктай турган машыгууга Аскер -Деңиз күчтөрүнүн мина эскадрильясынын командирлиги жана 6 мина аңчылык кемеси, 1 командалык -башкаруу кемеси, 1 корвет, 2 патрулдук катер, 1 тик учак, 1 суу астындагы коргонуу тобу, 1 жеңил автономдуу суу астындагы унаа тобу, Аба күчтөрү командирлигинен 4 F-16 жана 1 C-130, Жээк күзөт командирлигинен 2 жээк күзөтү кайыгы, Испаниядан 1 командалык жана башкаруу кемеси, Испания, Италия, Түркия жана Грециядан бирден мина аңчылык кемеси болуп бардыгы 5 кеме, Бельгия жана Румыниядан жардыргыч заттарды зыянсыздандыруучу (EOD) жана автономдуу суу астындагы унаа (AUV) командалары, Германия, Азербайжан, Бангладеш, Болгария, Ирак, Корея, Катар, Ливия, Малайзия , Пакистан, Румыния, Танзания, Украина жана Омандан 57 байкоочу жана 3 штабдык офицери катышат.



Тектеш кабарлар