Чешмеде 27 мигрант куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар облустук миграция дирекорлугуна алып барылды.
1722021
Измирдин Чешме районуна жакын жерде Греция күчтөрү түрк сууларына түрткөн 27 мыйзамсыз мигрант куткарылды.
Жээк коопсуздук командиригинин интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Чешме районуна жакын жерде резине кайыктагы бир группа мыйзамсыз мигрант тууралуу маалымат боюнча аймактагы жээк коопсуздугунун кайыктары жиберилди. Греция түрк сууларына түрткөн резина кайыктагы чет элдик 27 адам куткарлды.
Мыйзамсыз мигранттар облустук миграция дирекорлугуна алып барылды.