Эрдоган: «Биз глобалдык системада адилетсиздикке каршы күрөшүп жатабыз»

Эрдоган Ангола Парламентине кайрылып, Түркиядан Анголага болгон биринчи Президенттик сапарынын ишке ашканын белгиледи.

1721372
Эрдоган: «Биз глобалдык системада адилетсиздикке каршы күрөшүп жатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Африка континентинин элдерин эч кандай кодулоосуз кабыл аларын айтты.

Эрдоган Ангола Парламентине кайрылып, Түркиядан Анголага болгон биринчи Президенттик сапарынын ишке ашканын белгилеп, Түркия катары өнүгүү жолунда дос Анголанын жанында болууну улантышарын айтты.

Европа менен Азия континенттерин байланыштырган Ангола менен Түркиянын кызматташтыгынан түзүлгөн синергиянын абдан кеңири географияда сезилерин белгилеген Эрдоган: «Биз тарыхында колонизаторлуктун изи жок улутпуз. Бүгүн биз дүйнө 5тен чоң экенин айтып, глобалдык системада адилетсиздикке каршы күрөшүп жатабыз»,-деди.

Адамзаттын тагдыры Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңишке жеткен бир ууч мамлекеттин ырайымына калтырылбашы керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Африка элдеринин көз карандысыздыгын, эркиндигин жана тең укуктуулугун кабыл ала албагандар дагы эле бар. Биз акыркы убакта бул көрө албастыктын кайталанышына күбө болдук. Түркия катары биз Африка континентине карата батыш борборлуу чыгышчыл мамилелерди четке кагабыз. Биз Африка материгиндеги элдерди дискриминациясы жок кучактайбыз. Биз материк менен карым-катнаштарыбызды чыңдап жатканда африкалык туугандарыбыздын бай тажрыйбасынан да пайдаланабыз деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

Түркиянын Африкадагы өкүлчүлүк ишин 43 элчилик менен ишке ашырганын белгилеген Эрдоган, борбор шаар Анкарада элчиликтери бар Африка өлкөлөрүнүн санынын 37ге жеткенин белгиледи.

Эрдоган тарыхы, маданияты жана эли менен Африка континентинин бүткүл дүйнөгө кошкон байлыгы жана потенциалы жөнүндө Түркиянын кабардар экенин айтты.



Тектеш кабарлар