Анголанын президенти:«Келечек Түркия жана Ангола үчүн жакшы болот»

Лоуренсо, президент Режеп Таййип Эрдогандын сапары алкагында борбор шаар Луандада кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында маалымат берди.

1721368
Анголанын президенти:«Келечек Түркия жана Ангола үчүн жакшы болот»

Анголанын президенти Жоао Мануэль Гонсалвес Лоуренсо Түркия менен болгон карым -катнаштардын 3 ай сыяктуу кыска мөөнөттүн ичинде тездик менен өнүккөнүн айтып: «Келечек Түркия жана Ангола үчүн жакшы болот»,-деди.

Лоуренсо, президент Режеп Таййип Эрдогандын сапары алкагында борбор шаар Луандада кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында, «Президент Эрдоганга ыраазычылык билдиребиз жана бул кызматташтык абдан сонун болот деп күтөбүз. Келечек Түркия жана Ангола үчүн жакшы болот»,-деп айтты.

Түрк аба жолдорунун (THY) Стамбул-Луанда каттамдарын баштаганын эске салган Лоуренсо, THY Луанда каттамдарын жумасына эки жолу уюштурарын, бул каттамдардын Ангола үчүн абдан маанилүү экенин жана эки өлкөнүн элдерин бири-бирине жакындата турганын баса белгиледи.

Түрк инвесторлору үчүн Анголанын маанисине көңүл бурган Лоуренсо, эгер түрк инвесторлор Анголага барышса, башка коңшу өлкөлөрдө соода кылуу жана инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар