Фуат Октай: «Жер Ортолук деңизинде маршрутун жоготкондор жообун алат»

Вице-президент Фуат Октай борбор шаар Анкарада бул тууралуу билдирүү жасады.

1720612
Фуат Октай: «Жер Ортолук деңизинде маршрутун жоготкондор жообун алат»

Вице-президент Фуат Октай, Грециянын жана Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун Түркиянын континенталдык текчесине изилдөө кемелерин жөнөтүү аракетине каршылык көрсөттү.

Октай борбор шаар Анкарада билдирүү жасап: «Өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, биздин өлкөнү жана Түндүк Кипр Түрк Республикасын эске албаган демилгелер эч жерге жете алышпайт. Муну түшүнүүдөн баш тарткан Греция жана Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу Мальта желеги менен Италияга таандык кемени биздин континенталдык текчебизге изилдөө кемеси катары жөнөтүү үчүн аракет кылып жатышат.

Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетейин. Жер Ортолук деңизинде маршрутун жоготкондор жообун алат. Ким менен келишим түзбөсүн, алар түзгөн же артына жашынган келишимдерине таянып эйфорияга кирип кетпеши керек»,-деди.



Тектеш кабарлар