Эрдоган:«Африка өлкөлөрү менен кызматташтыкка эч качан кыска мөөнөттүү карабайбыз»

Эрдоган 17-20-октябрды камтыган Африка турунун биринчи этабы Анголага сапарынын алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйынын өткөрдү.

1720725
Эрдоган:«Африка өлкөлөрү менен кызматташтыкка эч качан кыска мөөнөттүү карабайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Африканы бардык тармакта жакындатууну улантып жатышканын, Африка өлкөлөрү менен болгон кызматташтыкты эч качан кыска мөөнөттүү жана кызыкчылыкка карай карабай тургандарын белгилеп,«2020 -жылдын аягына карата 25 миллиард доллардан ашкан соода көлөмүбүз менен Түркия Африка өлкөлөрү үчүн стратегиялык өнөктөш катары көрүнүп турат»,-деди.

Президент Эрдоган, кесиптештеринин чакыруусу менен Ангола, Того жана Нигерияны камтыган Африка туруна чыкты.

Эрдоган 17-20-октябрды камтыган Африка турунун биринчи этабы Анголага сапарынын алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйынын өткөрдү.

Эрдоган өз сөзүндө премьер -министрликти кошкондо 28 Африка өлкөсүнө 38 жолу барганын баса белгилеп, Ангола жана Тогого Түркиядан Президенттик деңгээлдеги биринчи расмий сапарлары болгондуктан бул сапарлардын өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Түркия менен Африканы ар бир тармакта жакындатууну уланткандарын, Африка өлкөлөрү менен болгон кызматташтыкка эч качан кыска мөөнөттүү жана кызыкчылыкка карай карабагандарын баса белгилеген Эрдоган: «2020 -жылдын аягына карата 25 миллиард доллардан ашкан соода көлөмүбүз менен Түркия Африка өлкөлөрү үчүн стратегиялык өнөктөш катары көрүнүп турат»,-деп айтты.

Билдирүүсүндө жаңы типтеги коронавирус  (Ковид-19) менен күрөшүүүгө токтолгон Эрдоган: «Биз 159 өлкөгө жана 12 эл аралык уюмдарга эпидемия менен күрөшүүдө керектүү медициналык жабдууларды жана жабдыктарды бердик. (Атамекендик Ковид-19 вакцинасы) TURKOVACтын ишке ашырылышы менен биз бардык жерге колдон келген жардамыбызды берүүгө аракет кылабыз»,-деди.

Эрдоган: «Сапарыбыздан кийин дароо 21-22-октябрда Стамбулда 3-Түркия-Африка иш форумун өткөрөбүз»,-деп маалымат бере кетти.



Тектеш кабарлар