Президент Эрдоган менен Меркель биргеликте пресс - жыйын өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган : «Германия менен 50 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүнү каалайбыз»,- деди.

1720579
Президент Эрдоган менен Меркель биргеликте пресс  - жыйын өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган : «Германия менен 50 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетүүнү каалайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган Стамбул Хубер сарайында Германиянын канцлери Ангела Мрекель менен жолугушту. Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында : «Урматтуу Меркель менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрүбүздө эки тараптуу карым  - катнаштарыбыз жана күн тартибибиздеги маселелерди кенен карап чыктык»,- деп билдирди Эрдоган. Эрдоган Германиядагы түрк коомунун эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын социалдык жагын түзгөндүгүн айтып : «Расизм, ислам жана чет элдик душмандыгы,  дискриминация тилекке каршы Европадагы түрк коомунун негизги көйгөйлөрү бойдон калууда»,-  деди.

Президент Эрдоган канцлердик кызматы менен коштошуу алдында Түркияга келген Германиянын канцлери Меркелдин  мындан кийин да түрк  -  немис достугуна маанилүү салым кошоруна ишенгендигин айтты.

Президент Эрдоган : «Урматтуу Меркель менен алып барган ийгиликтүү иштер жаңы башкаруу  менен да улантылат деп ойлойбуз. Түркия катары Европа Биримдиги толук мүчөлүк жолунда Меркелдин кошкон салымын ар дайым эстейбиз»,- деди.

Президент Эрдоган качкындар тууралуу : «Түркия бул маселенин конок үйү.  Бул адамдарды биз четке кагып, Грециянын кылганындай кылуубуз мүмкүн эмес.  Аларга ээ чыгууну уланта беребиз. Миграцияларды бул күнгө чейин ишке ашыргандай кабыл алабыз. Брикет үйлөрдү куруп аларды кабыл алабыз. Азыркы учурда 60 000 үйдү бүтүрдүк. Максатыбыз 100 000ге чыгаруу»,- деди.

Германиянын канцлери Меркель да мыйзам тышы миграция тууралуу : «Түркияга Европа Биримдигинин бул тууралуу бере турган колдоосун улантарын айттым. Адам  сатууну алдына алгыбыз келет. Европа Биримдигинин бул жагынан Түркияны колдоосу зарыл жана шарт»,-  деди.

Меркель : «Кызматташуубузга маани бердик. Урматтуу Эрдоган менен биргеликте Түркияда көп нерсе өнүктү. Стамбулга караганыбызда муну көрсөк болот. Түркия НАТО союздашы катары биз үчүн маанилүү бир өнөктөш. Кызыкчылыктарыбыз ар дайым бирдей болду. Федералдык өкмөт менден кийин да ушундай көз караш менен улантылат. Тынчтык жана ишеничибиз бири бирине байланыштуу»,- деди.

«Германияда дин эркиндиги бар. Биз ислам душмандыгы жана расизм тууралуу абдан чечкиндүү позициядабыз»,- деген Мрекел : «Башынан бери булардын жолун тосууну каалайбыз. Еврей жана ислам душмандыгы маселелери боюнча кайгылуу окуяларды жашадык. Бул үчүн материалдык жана руханий бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулууда. Бул биз үчүн ар дайым бир милдет боюнча кала берет»,- деди.



Тектеш кабарлар