Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну айыптады

Бүгүн Кандагар облусундагы мечитке кол салуу болду.

1720242
Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну айыптады

Түркия Ооганстандын Кандагар облусундагы мечитте жума намаз учурунда жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Ооганстандын Кандагар облусундагы мечитте бүгүн жума намаз учурунда жасалган террордук кол салууда көп сандаган адамдардын каза болушу жана жаракат алышы терең кайгыга салды.

Акыркы мезгилде Ооганстандагы мечиттерди бутага алган бул адамгерчиликсиз террордук чабуулдарды катуу айыптайбыз. Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилеп, дос жана боордош афган элине чын дилибизден көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Ооганстандын Кандагар провинциясындагы шииттер жамаатына таандык Фатимия мечитине эки жанкечти тарабынан жасалган кол салууда 30 киши каза болуп, 200дөн ашуун киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар