Эрдоган: «Сирияда террордук уюмга жана АКШ менен Асаддын колдоосуна каршы күрөшөбүз»

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1720356
Эрдоган: «Сирияда террордук уюмга жана АКШ менен Асаддын колдоосуна каршы күрөшөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге, Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жана Асад режиминин колдоосуна каршы күрөшө тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ/ПЙДнын бар экенин жана коалициялык күчтөр менен АКШнын аларды колдогон алдыңкы өлкөлөр экенин белгилеген Эрдоган: «Булар көрсөткөн ар кандай колдоо, курал жана ок-дарылар менен бирге террордук кол салууларды жасоодо. Биз аларга каршы күрөшүп жатабыз. Режим алардан күч алууда. /.../ Аларга каршы күрөшүбүз келечекте такыр башкача уланат. Террордук уюмдарга, АКШнын ал жердеги күчтөрүнө каршы күрөшөбүз жана чечкиндүүбүз»,- деди.

Ооганстандагы кырдаалга да токтолгон президент, талибдер дүйнөдө кабыл алынууну көздөп жатышкандарын айтты.

Кечээ Түркияга келген Талибан делегациясы менен өткөрүлгөн жолугушууларда, гуманитардык жардам жана Ооганстандагы жаңы процесстин иштеши темасында өтүнүчтөрү айтылганын билдирген Эрдоган: «Биз бул өтүнүчтөрүнө байланыштуу ооган элине ар кандай колдоо көрсөтөбүз. Ооганстандагы бул жетекчилик эл аралык мамилелерде ооган элинин укуктарын коргоодо адилеттүү мамилеге ээ болсо жетиштүү. Эгерде ушундай кадам жасала турган болсо, биз ооган эли менен эзелки достук мамиледебиз жана муну четке кагуубуз мүмкүн эмес»-деди.

Эрдоган Кабул аэропортунун ишине байланыштуу да: «Биз Кабул аэропортунун ишин жүргүзүп жатканбыз. Мындан кийинки процессте да келишимдер түзүлүшү мүмкүн болсо, биз Түркия, Катар, Ооганстан ушундай кадамдарга бара алабыз», - деди.



Тектеш кабарлар