Хулуси Акар : "Террорго каршы аткарылышы керек болгондор убактысы келгенде аткарылат"

Акар Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күч командирлери менен Улуттук коргоо университетинин башкаруу жана аскердик башкаруу персоналы менен жыйын өткөрдү.

1719533
Хулуси Акар : "Террорго каршы аткарылышы керек болгондор убактысы келгенде аткарылат"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын түндүгүнөн жасалган ПКК/ЙПГ террордук уюмдун кол салуулары тууралуу маалымат берип : «Биздин укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн аткарылышы керек болгон эмне бар болсо, урматтуу президентибиз Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде ушул кезге чейин аткарылып келгендей эле убактысы келгенде аткарылат. Мындан эч ким шектенбесин»,- деди.

Акар Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күч командирлери менен Улуттук коргоо университетинин башкаруу жана аскердик башкаруу персоналы менен жыйын өткөрдү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Акар Ирактын жана Сириянын түндүгүндө, Эгей, Жер Ортолук деңизи менен Кипрде бардык аракеттерди жакындан иликтешкендерин баса белгиледи.

«Асыл улутубуздун мыйзамдары менен укугун коргоо биздин милдетибиз»,- деген Акар бул тууралуу жасалышы керек болгон эмне бар болсо ушул күнгө чейин аткаргандарын мындан кийин да аткарууну улантышарын айтты.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде сейсмикалык изилдөө кемелеринин  аткарган иштери тууралуу жарыялаган NAVTEXке токтолгон Акар : «Деңиз юрисдикциясы аймактарынан, башка маселелердеги укук, кызыкчылыктарыбыздан жол берүүбүз мүмкүн эмес. Деңиз юрисдикциясы аймактарыбызды коргоо үчүн деңиз күчтөрүбүз иш алып барууда»,- деди.

Министр Акар жана коштоосундагы командирлер андан кийин Көп улуттуук биргелешкен аскердик борбордук командирлигине барып «Евразия Тынчтыгы  2021 машыгуусун» көрдү.



Тектеш кабарлар