Чавушоглу: «Талибандын делегациясына сунуштарды бердик»

7 кишиден турган жогорку деңгээлдеги делегация сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн борбор шаар Анкарага келди.

1719835
Чавушоглу: «Талибандын делегациясына сунуштарды бердик»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарага келген Талибандын делегациясына сунуштарды бергендерин айтты.

Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эмирхан Муттаки баш болгон 7 кишиден турган жогорку деңгээлдеги делегация сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн борбор шаар Анкарага келди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жетектеген түрк делегациясы менен Муттакинин жетекчилигиндеги талибдердин делегациясы Тышкы иштер министрлигинде жолугушту.

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Чавушоглу Ооганстандын делегациясынан өлкөсүндөгү акыркы абал тууралуу маалымат алгандарын айтты.

Чавушоглу талибдерге Ооганстанда аялдардын иш жашоосуна кирүүсү боюнча кеңеш беришкенин билдирип: «Аялдардын иштеши Ислам дүйнөсүнүн да күтүүсү»,-деди.

Чавушоглу: «(Талибандын) баарынан мурда өлкөнүн биримдиги үчүн камтуучу болуулары керектигин бүгүн дагы бир жолу айттык»,-деди.

Ооганстандан учуулардын аткарылышы күтүүлөрүн Талибанга жеткиргендерин белгилеген Чавушоглу, Талибан делегациясынын болсо Түркияга өзгөчө гуманитардык жардамдар, Ооганстандагы инвестициялардын улантылышы боюнча өтүнүчтөрүн билдиргендерин айтты.

Чавушоглу миграция маселесинин да күн тартибинде болгонун белгилеп: «Талибандын делегациясы ооган мигранттары өз өлкөсүнө кайтып келүүнү каалашса, колдон келген жардамын берерин билдиришти»,- деди.



Тектеш кабарлар