Чавушоглу ливиялык кесиптеши менен жолугушту

Чавушоглу Түркиянын Ливиянын стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салымы улана турганын баса белгиледи.

1719836
Чавушоглу ливиялык кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ливиянын тышкы иштер министри Нежла Мангуш менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Бүгүнкү биринчи конок бир тууган Ливиянын тышкы иштер министри Нежла Мангуш менен эки тараптуу мамилелерибизди жана күн тартибибиздеги маселелерди талкууладык»,-деди.

Ливиянын стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өсүшүнө Түркиянын салымы улана турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Биз эркин, адилеттүү жана ишенимдүү шайлоону колдойбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар