Түркия Вьетнамга 200 миң доза вакцина жөнөтөт

Вице-президент Фуат Октай Вьетнамдын премьер-министри Фам Минх Чин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1718646
Түркия Вьетнамга 200 миң доза вакцина жөнөтөт

Түркия, саламаттык сактоо кызматташтыгы келишиминин алкагында Вьетнамга 200 миң доза Ковид-19 вакцинасын жөнөтөт.

Вице-президент Фуат Октай Вьетнамдын премьер-министри Фам Минх Чин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы соода, өнөр жай, туризм жана Фетуллахчы террордук уюмга (ФЕТӨ) каршы күрөшүү темалары талкууланды.

Ковид-19 пандемиясы учурунда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө колдоо көрсөткөндөрүн белгилеген Октай, эки өлкөнүн ортосунда кол коюла турган саламаттык сактоо кызматташтыгы келишиминин алкагында 200 миң доза Ковид-19 вакцинасы, 10 вентилятор, 10 бейтап монитору, 20 миң N95 маскасы, 4 миң комбинезон, 100 миң ПЦР тест топтому, 100 миң даана вирустук нуклеин кислотасы экстрактору жана консерванттык суюктук бериле турганын айтты.

Октай эки өлкөнүн ортосундагы Эркин соода келишиминин эки тарапка тең пайдалуу болоорун ойлогондорун айтты.



Тектеш кабарлар