Түрк аба жолдору Анголанын борбору Луандага каттамдарын баштады

Луандага шаршемби жана жума күндөрү жумасына эки рейс уюштура турган THY, Луанда каттамдарын Airbus A -330 учагы менен Стамбул - Либревил - Луанда - Стамбул багытында ишке ашырат.

1719088
Түрк аба жолдору Анголанын борбору Луандага каттамдарын баштады

Түрк аба жолдору (THY) Анголанын борбору Луандага каттамдарды баштоо менен учуу тармагын кеңейтүүнү улантууда.

THYнын Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, дүйнөнүн эң көп өлкөсүнө учкан THY бүгүн Луандага биринчи учуусун ишке ашырып Африка континентиндеги баруучу жерлердин санын 61ге жеткирди.

Луандага шаршемби жана жума күндөрү жумасына эки рейс уюштура турган THY, Луанда каттамдарын Airbus A -330 учагы менен Стамбул - Либревил - Луанда - Стамбул багытында ишке ашырат.

Луанда багытынын негизинде учкан өлкөлөрдүн санын 128ге көбөйткөн THY конокторуна жаңы багыттар менен чексиз байланыштарды тартуулап, сапатын жана кызматын бүткүл дүйнөгө жеткирүүнү улантууда.



Тектеш кабарлар