Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясына чакырыгын кайталады

Кыран 2021 -жылы Европа жана Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Жер ортолук деңиз конференциясына катышты.

1718636
Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясына чакырыгын кайталады

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран «Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясын» ишке ашыруунун аймактык кызматташтык үчүн маанилүү кадам болорун айтты.

Кыран 2021 -жылы Европа жана Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Жер ортолук деңиз конференциясына катышты.

Польша өткөргөн жыйында Кыран Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ишенимди, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн диалог, ачыктык жана алдын ала билүүчүлүк болушу керектигин, көйгөйлөрдү диалог жана эл аралык укук менен чечүүнү каалашкандарын айтты.

Кипр маселесине токтолгон Кыран, аралдын өнөктөшү болгон Кипр түрк элинин укуктарынын тынчтык жана туруктуулук үчүн дагы бир жолу тастыкталуусу керектигин айтты.

Кыран: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган тарабынан сунушталган «Чыгыш Жер Ортолук Конференциясын» ишке ашыруу аймактык кызматташтык үчүн маанилүү кадам болот. Бардык тараптардын бул сунушту колдоосун күтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар