Президент Эрдоган 15 -  Тараптар конференциясына видео билдирүү жиберди

Эрдоган климаттык алмашуу жана экологияга байланыштуу маселелер менен күрөшүүнүн бир гана белгилүү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбей тургандыгын, бардык өлкөлөрдүн жоопкерчиликти алышы шарт экендигин айтты.

1718306
Президент Эрдоган 15 -  Тараптар конференциясына видео билдирүү жиберди

 Президент Режеп Таййип Эрдоган климаттык алмашуу жана экологияга байланыштуу маселелер менен күрөшүүнүн бир гана белгилүү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбей тургандыгын, бардык өлкөлөрдүн жоопкерчиликти алышы шарт экендигин айтты.

Эрдоган  «БУУ Биологиялык түрдүүлүк келишиминин  15 -  Тараптар конференциясына» видео билдирүү жиберди.  

Адамзат катары климаттын өзгөрүшү, экологиялык кырсыктар, булгануу, суу жана азык - түлүк коопсуздугу, биологиялык  түрдүүлүктүн жоголушу сыяктуу кыйынчылыктар менен бетме  - бет экендигибизди  белгилеген Эрдоган, акыркы убакта дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде болгон олуттуу жоготууларга алып келген табигый кырсыктардын бул маселелердин  канчалык олуттуу экенин көрсөткөндүгүн белгиледи.

Бул абалдын кагылышууларга жол ачкандыгын жана адамдарды миграцияга мажбурлагандыгын айткан Эрдоган : «Клечегибизге таасирин тийгизген бул коркутуулардын алдында албетте оболу кадам ташташы керек болгондор климаттык алмашууга жол ачкан кыйынчылыктардын пайда болушунда тарыхый жоопкерчиликке ээ болгондор. Бирок климаттык алмашууга жана экологиялык маселелер менен күрөшүү бир гана белгилүү өлкөлөргө эле өткөрүлүп берилбейт. Экономикалык күчү, географиялык абалы, тарыхый жоопкерчилиги эмне болсо болсун бардык өлкөлөрдүн жоопкерчиликти алышы шарт»,- деди.

Түркиянын бай биологиялык  түрдүүлүгүн кургактыкта ​​да, деңиздерде да коргоого чечкиндүү экенин баса белгилеген Эрдоган, үч башка климаттык зонада жана үч биогеографиялык аймакта жайгашкан Түркиянын токой, тоо, талаа, нымдуу жерлер, жээк,  деңиз экосистемаларына жана алардын түрдүү форма, комбинацияларына ээ экендигин, дүйнөдөгү 8 өсүмдүк ген борборунан үчөөсүнүн Түркияда кесилишкендигин жана жүздөгөн өсүмдүктүн негизги мекени экендигин айтты.

Президент Түркиянын келерки жылы 16 -  Тараптар конференциясын өткөрөрүн, 2022 – 2024 -  жылдары БУУнун Биологиялык түрдүүлүк келишиминин  кезектешкен башкаруучулугун аткарарын белгилеп, бул процессте өлкө ичинде жана өлкө тышында биологиялык түрдүүлүктүн  сакталышы үчүн керектүү кадамдардын ташталышында жол башчы болушарын белгиледи.



Тектеш кабарлар