Түркия Ооганстанга 100 тонна буудай үрөнүн берди

Айыл чарба жана токой чарба министрлиги тарабынан өндүрүлгөн үрөндөр Эскишехир, Кыршехир жана Коньядан 5 башка унаага жүктөлүп Ооганстанга жөнөтүлдү.

1717922
Түркия Ооганстанга 100 тонна буудай үрөнүн берди

Түркиядан Ооганстанга 100 тонна буудай үрөнү берилди.

Ачарчылыкка каршы чара көрүү максатында IHH гуманитардык жардам фонду тарабынан даярдалган 100 тонна буудай үрөнү жүк ташуучу унаалар менен Ооганстанга жөнөтүлдү.

Ооганстандагы акыркы кризистен кийин "Жалгыз калтырба" урааны менен өнөктүк баштаган IHH гуманитардык жардам фонду Кабул, Газни, Мейдан Сар, Саидабад, Тахар, Кундуз, Баглан жана Кандагар шаарларындагы 15000 ооганга азык-түлүк азыктарын жеткирди.

60 тонналык жардамдан эң алыскы айылдарда жашаган жетим жана майып жарандардын үй-бүлөлөрү сыяктуу эле, качкындар лагерлери жана ооруканалар да пайдаланышты.

Түркиядагы Айыл чарба жана токой чарба министрлиги тарабынан өндүрүлгөн үрөндөр болсо Эскишехир, Кыршехир жана Коньядан 5 башка унаага жүктөлүп Ооганстанга жөнөтүлдү.

Түшүмдүүлүгү климатка, топурактын түзүлүшүнө, жер семирткичтерге, жамгырга жана сугатка жараша өзгөргөн үрөндөр түшүм ала баштаганда тамак-ашка жетүүдө кыйналган ооган эли жана дыйкандар үчүн да үмүт булагы болот.



Тектеш кабарлар