Шентоп: «Көгүлтүр мекенде мунай жана жаратылыш газын чалгындоого артыкчылык берүүдөбүз»

Шентоп борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Мунай зат өнүмдөрүнүн иш берүүчүлөр профсоюзунун (PÜİS) кезектеги 21-Жалпы жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1718046
Шентоп: «Көгүлтүр мекенде мунай жана жаратылыш газын чалгындоого артыкчылык берүүдөбүз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Көгүлтүр мекенде мунай жана жаратылыш газын чалгындоого артыкчылык беришкендерин айтты.

Шентоп борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Мунай зат өнүмдөрүнүн иш берүүчүлөр профсоюзунун (PÜİS) кезектеги 21-Жалпы жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Түркиянын мунай жана жаратылыш газын чалгындоо иштерине токтолгон Шентоп: «Биз өзүбүздүн жерлерибизде жана Көгүлтүр мекенибизде мунай менен жаратылыш газын чалгындоого артыкчылык беребиз. Түркиянын бул аракеттери, айрыкча, өлкөбүздүн күчтөнүшүн жана өнүгүшүн каалабаган чөйрөлөрдө ыңгайсыздык жаратса да, биз өзүбүздүн чечкиндүү позициябыздан баш тартпайбыз»,-деди.

«Энергия ресурстарында чет өлкөлүккө көз карандылык улуттук коопсуздук маселеси экенин тарых бизге көрсөтүп турат»,-деп айткан Шентоп: «Ушул себептен улам, тышкы көз карандылыкты азайта турган саясатты түзүү жана ишке ашыруу өтө маанилүү. Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында ар бир тармакта «улуттук жана атамекендик» урааны менен башталган ийгиликтер энергетикалык ресурстар жана тоо-кен тармагында да улантылып жатканына өзгөчө көңүл бургум келет»,-деп айтты.

Шентоп, Түркиянын «Көгүлтүр мекен» концепциясы менен эл аралык укуктан келип чыккан укуктарына негизделген улуттук саясатынын, келечектеги мезгил үчүн деңиздердеги энергия ресурстарын улутка жеткиликтүү кылуу жана күчтүү Түркияны куруу жагынан абдан маанилүү экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар