Эрдоган: «Жашыл өнүгүү төңкөрүшүн баштадык»

Президент Эрдогандын кечээ Адана сапарынан кийин Жаңы Адана музейинде 81 дубандан келген студенттер менен өткөргөн Жаштар менен жолугушуу программасынын көрүнүштөрү бөлүшүлдү.

1717648
Эрдоган: «Жашыл өнүгүү төңкөрүшүн баштадык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаштарга калтыра турган эң маанилүү мурасы катары көргөн 2053 -жылга көз карашынын биринчи максаты болгон жашыл өнүгүү төңкөрүшүн башташкандарын айтты.

Президент Эрдогандын кечээ Адана сапарынан кийин Жаңы Адана музейинде 81 дубандан келген студенттер менен өткөргөн Жаштар менен жолугушуу программасынын көрүнүштөрү бөлүшүлдү.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө жакында Париж климаттык келишимин жактырышканын эске салды.

Бул чечим менен жаштарга калтыра турган эң маанилүү мурас катары көргөн 2053 -жылга көз карашынын биринчи максаты болгон жашыл өнүгүү төңкөрүшүн башташканын белгилеген Эрдоган: «Бардык маселелердегидей эле, биз жашыл өнүгүү төңкөрүшүндө да жаштарыбыздан эң чоң колдоону алуудабыз. Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясында Түркия өзүнүн күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурасы аркылуу башка өлкөлөрдөн өзүн айырмалай алгандай эле, жашыл өнүгүү төңкөрүшү менен климаттын өзгөрүү процессинде да ушундай ийгиликтерге жетишебиз деп үмүттөнөм. Аллах бизге тапшырган жаратылыштын тең салмактуулугун сактоо жана анын мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу менен өнүгүүбүздү улантабыз»,-деп айтты.

Жаштарга кайрылып: «Эртең сиз 1500 жылдык цивилизациянын жана мекен үчүн 1000 жылдык күрөштүн желегин өткөрүп аласыз»,-деген Эрдоган: «Мен биздин биздин жаштардан улуттук технологиялардын кыймылы жана жашыл өнүгүү төңкөрүшү менен биринчи максаттарыбызды көрсөткөн 2053 -жылга көз караш жөнүндө ойлонушун каалайм. Унутпагыла, баары кыялдануудан башталат. Анан ошол кыялданууңа кадам сайын жакындай баштаганыңды көрөсүң»,-деп насаатын айтты.

Президент Эрдоган бир эле Түркиянын эмес, бүткүл дүйнөнүн климаттын өзгөрүү коркунучу астында экенин белгилеп, айдын аягында Римде (Италиянын борбор шаары) жана Глазгодо (Шотландия) саммиттер өткөрүлөрүн айтты.



Тектеш кабарлар