Эрдоган мектеп долбоорунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Эрдоган, жарандарды коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

1717948
Эрдоган мектеп долбоорунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жарандарды коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырып: «Вакцинация чегинен тезирээк ашып коомдук иммунитетке канчалык эрте жетсек, келе жаткан кыш айларында ошончолук тынч болобуз»,-деди.

Президент Эрдоган Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда Кесиптик билим берүүдө 1000 мектеп долбоорунун жана 50 изилдөө-өнүктүрүү борборунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Ковид-19 менен болгон күрөшкө токтолгон Эрдоган: «Пандемияга каршы күрөшүүдө илим жана медицинадан пайдалануу адам катары да, мусулман катары да биздин милдетибиз. Мамлекетибиз эл жашаса, мамлекет жашайт деген принципке ылайык, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөн мурун өз жарандарына бардык мүмкүнчүлүктөрдү берди»,- деди.

Билим берүүнүн эч кандай олуттуу көйгөйлөргө туш болбостон уланып жатканын, Улуттук билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтери кандайдыр бир үзгүлтүккө учуратпоо үчүн аракеттерин улантып жатканын айткан Эрдоган: «Биз бетме-бет билим берүүдө 5-жумасын артта калтырдык. Процесстин ийгилиги үчүн аракет кылышыбыз керек»,-деп билдирди.

Жарандарды Ковид-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырган Эрдоган: «Вакцинация чегинен тезирээк ашып коомдук иммунитетке канчалык эрте жетсек, келе жаткан кыш айларында ошончолук тынч болобуз. Болбосо суук аба ырайы менен көйгөйлөрүбүздүн көбөйүшүнө тоскоол боло албайбыз. Менимче биздин бардык жарандар бул жагынан керектүү сезимталдыкты көрсөтүшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар