Түркиядан Орусияга көңүл айтылды

Орусиядагы учак кырсыгына байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.

1717411
Түркиядан Орусияга көңүл айтылды

Түркия Орусияга 16 адам каза болгон жана 6 адам жабыркаган учак кырсыгы үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында кулаган учакта болгон 16 кишинин өмүрү кыйылып, кеминде 6 киши жаракат алганы тууралуу маалыматты угуп катуу кайгырганыбызды билдирүү менен аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз»,делди.

Билдирүүдө, «Бул трагедиялуу кырсыкта каза болгондордун жакындарына жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар