Эрдоган : "Алдыбыздагы жылы улуттук элктровозду өндүрө баштайбыз"

Президент Эрдоган Стамбул Ататүрк аэропортунда 12 - транспорт жана коммуникация кеңешинде сөз сүйлөдү.

1716885
Эрдоган : "Алдыбыздагы жылы улуттук элктровозду өндүрө баштайбыз"

Президент Р. Т. Эрдоган алдыбыздагы жылы улуттук электровоздун өндүрөлө баштай тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган Стамбул Ататүрк аэропортунда 12 - транспорт жана коммуникация кеңешинде сөз сүйлөдү.

Түркия катары транспорт жана коммуникация тармагында акыркы 19 жылда 1 триллион лиралык инвестицияны турмушка ашырышкандарын баса белгилеген Эрдоган темир жол инвестицияларына да маани беришкен тармак экендигин белгиледи.

Эрдоган : « 12 803 чакырым темир жолубузду толугу менен жаңыладык. Иштеп  жаткан линиялар боюнча сигнализация иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Өлкөбүздө биринчи жолу ылдам жүрүүчү поезд линияларын куруп, ишке киргиздик. Узундугу 3500 километр болгон жаңы темир жол линияларыбыздын курулушу  уланууда »,- деди.

Эрдоган улуттук электр поездерин да иштеп чыгышканын белгилеп: «Алдыбыздагы жылы улуттук электровозубуздун өндүрүшүн баштайбыз. Метродо, шаар четинде жана трамвайларда өндүрө ала турган деңгээлдебиз », - деди.

Өлкөдөгү аэропорттордун санын 26дан 56га жеткиргендерин айткан  Эрдоган: «3 жылга акын убакыттан бери иштеп жаткан Стамбул аэропортубуз дүйнөнүн мыктыларынын арасында 2 -  орунда. Европада эң көп жүргүнчүсү болгон аэропорт тизмесинде да биринчи орунда»,- деп билдирди.

Өлкөнүн тышкы соодасында деңиз транспортунун үлүшүн 4 эсеге көбөйткөндөрүн баса белгилеген Эрдоган, кеме куруу тармагында жана яхта өндүрүшүндө бир өлкө катары маанилүү жерге келгендерин баса белгиледи.

Коммуникация тармагында да чоң кадамдарды ташташкандарын белгилеген Эрдоган : «Кеңири тилкелүү интернеттен була  -  оптикалык байланышка чейинки баардык чөйрөлөрдө мекемелерибизге жана элибизге берген кызматтын стандартын жогорулатуудабыз. Эң башта 5G жана келечектин технологияларында улуттук жана атамекендик катнашын жогорулатуунун аракетиндебиз. Убакыттан күйүүчү майга чейин бардык темада мүмкүнчүлүк жана үнөмдөө менен камсыз кылган акылдуу транспорттук системаларды ишке ашырууда чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар