Чавушоглу Украинада Опиллия музейин кыдырды

Чавушоглу менен Кулеба музей тууралуу маалымат алгандан кийин бири бирине белектерди беришти.

1716820
Чавушоглу Украинада Опиллия музейин кыдырды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинада Опиллия музейин кыдырды.

Мевлүт Чавушоглу Түркия - Украина биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 9 - жыйынына катышуу үчүн барган Украинада Биринчи дүйнөлүк согушунда Галисия фронтунда шейит болгон түрк аскерлери жаткан Лопушня жана Рохаиндеги түрк шейиттеринен кийин Опиллия музейин кыдырды.Чавушоглун Укрианын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба коштоду.

Чавушоглу менен Кулеба музей тууралуу маалымат алгандан кийин бири бирине белектерди беришти. Чавушоглу берген билдирүүсүндө : «Расмий жыйналыштардан кийин бул сапарыбыз баарыбызды толкундандырды. Шейиттерибизди зыярат кылдык, дуа кылдык. Эки өлкөнүн ортосунда чыныгы бир достук бар. Бүгүн зыяратка барган шейиттиктерибиз жана бул музей достугубуздун эскилерге таянгандыгын көрсөтүүдө. Өткөн күнүбүздөн, атабабаларыбыздан жана тарыхыбыздан күч алып, келечекке да бирдикте басабыз»,- деди. Чавушоглу өзгөчө жыйындардын абдан түшүмдүү өткөндүгүн билдирди.



Тектеш кабарлар